Печать
Категория: Коом
Просмотров: 682

Россиянын шаарларына болгон авиабилеттердин баасынын жогорулашы боюнча “Манас” эл аралык аэропорту” ААКга бир нече ирет арыз, суроо-талаптар, кайрылуулар келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу “МЭА” ААК төмөндөгүлөрдү билдирет:

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК авиабилеттерди сатуу иши менен алектенбейт жана алардын бааларын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Баа саясатын белгиленген ички эрежелерге ылайык билеттерди саткан авиакомпаниялар аныкташат.

Россия жана Казакстандын шаарларына болгон каттамдарга гана авиабилеттердин баасы жогорулады. Төмөндөгү авиакомпаниялардын билеттеринин баасы көтүрүлдү: «Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Сибирь», «Эйр Астана» жана башкалар. Россиянын шаарларына болгон авиабилеттердин баасынын көтөрүлүш себеби, COVID-19 пандемиясына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдардын кыскаруусу жана чартердик каттамдар үчүн жаңы учуу эрежелеринин пайда болуусу болду.

Мисалы, буга чейин Бишкек-Москва багыты боюнча туруктуу каттамдар 3 – россиялык  авиакомпаниялар (“Аэрофлот” жана “Урал аба жолдору”), 1 - ата мекендик “AviaTraffic” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын 4-6 ирет аткарылып турган.

Бирок, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу, туруктуу каттамдардын саны жумасына 7ге чейин кыскарган. Ошол эле учурда, чартердик каттамдар күн сайын уча баштаган. Туруктуу каттамдардын санынын азайгандыгына байланыштуу,  Россия Федерациясынын шаарларына авиабилеттердин тартыштыгы байкалып, авиакомпаниялар тараптан белгиленген авиабилеттердин баасы өсө баштаган.

Баалардын көтөрүлүшүнүн экинчи себеби - чартердик жана туруктуу каттамдардын  учуу эрежелеринин өзгөрүшү.

Чартердик каттамдар менен учууда, ПЧР тесттен тышкары, Россиянын аймагына кирүүнүн “негизин” далилдөө зарыл болгон. Тактап айтканда,  Россия жаранын жакын тууганы бар экендигин аныктаган маалымдама же квалификациялоо жөнүндө маалымдама же медициналык көрсөткүчтөрү же чакыруулары бар жарандар уча алат. Ал эми, туруктуу каттамдар менен учууда ПЧР тести таза чыккан маалымдамасынан тышкары башка талаптар коюлган эмес.  

Чартердик каттамдардын учуу тартиби кадимки каттамдарга караганда бир топко татаал болуп, андыктан, туруктуу каттамга болгон билеттердин баасы кымбаттап кеткен.

Буга чейин чартердик каттамдарга салыштырмалуу туруктуу каттамдарга болгон авиабилеттердин саны бир кыйла төмөн болгондугун баса белгилеп кетүү зарыл.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө авибилеттердин баасын көтөргөн авиакомпаниялар  учурунда каржылык жоготууларга учурагандан кийин кырдаалдан чыгуунун аракетин кылып жатышат деп болжолдонууда.

Жыйынтыгында, түзүлгөн тартыштык, авиабилеттердин колдон-колго өтүп кайра сатылышы жана аларды саткан авиакомпаниялардын кызыкчылыктары авиабилеттердин баасынын өсүшүнө алып келген.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу “МЭА” ААК бийликтин көңүлүн учурдагы көйгөйгө буруп, 2020-жылдын декабрь айында Кыргызстанды COVID-19 колдонмосуна кошуу демилгесин көтөрүп чыккан.

Бул долбоор азыр Россия, Беларуссия жана Армения жарандары үчүн жеткиликтүү мобилдик тиркеме. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дагы долбоордун катышуучуларынын тизмесинде. Учурда  кыргыз тарап бул тиркеме аркылуу саякаттоо себебин алып салуу үчүн Россиядан уруксат күтүп жатат.

Эгерде аталган долбоор Россия тараптан жактырылса, өлкөдөн учуп кетүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, каттамдардын санын көбөйтүү жана билеттердин бааларынын турукташтыруу күтүлүүдө.

“МЭА” ААК бардык өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки абалдан чыккандан кийин авиабилеттерге болгон баалар төмөндөп, каттамдар мурдагыдай эле аткарылат деп үмүттөнөт.

“Манас” аэропорту өз кезегинде жүргүнчүлөрдүн учуу коопсуздугун камсыздап, жогорку деңгээлде авиациялык кызматтарды көрсөтүүгө бардык күчүн жумшай бермекчи.  

Маалымат катары: Тиркеме 2020-жылдын декабрь айынан баштап  иштеп жатат жана Россия, Беларуссия жана Армениянын чек араларын кесип өтүүдө санитардык көзөмөлдөн өтүүнү  жеңилдетет. Жаран ПЧР тестин өткөрүп, жыйынтыгын мобилдик тиркемеге жүктөп коюу керек. Чек арадан өтүп жатканда QR кодун тиркеме аркылуу көрсөтүү жетиштүү.

“МЭА” ААК Басма сөз кызматы