Бажы кызматы билдиргендей, Абхазиядан ЕАЭБдин аймагына убактылуу киргизилген унаалар ЕАЭБдин товары деп саналбайт жана бажы кызматтарынын көзөмөлүндө болот. Ага байланыштуу Кыргызстандын Бажы кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен бирге Абхазияда каттоодо турган унааларды Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

«Абхазиянын унааларын ЕАЭБдин аймагына көбүнчө Абхазиянын жана Россиянын жарандары алып келүүдө.

Унаалар ЕАЭБдин аймагына убактылуу киргизилгенин тастыктаган документтер болуп унаа жана жүргүнчү бажы декларациялары саналат. Бул 2 документте унаанын ээси катары Абхазиянын жараны көрсөтүлөт», - деп айтылат Бажы кызматынын маалыматында.

Ошондой эле ЕАЭБдин аймагына убактылуу киргизилген унаалар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-275-беренелеринде көрсөтүлгөн чектөөлөргө карабай ишеним кагаз менен сатылууда.

«ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-беренесинин 6-пункту жана 275-беренесинин 2-пунктуна ылайык, убактылуу киргизилген унааларды декларацияда көрсөтүлгөн ээси (унааны ЕАЭБге алып кирген адам) жана унаа кимге катталса, ошол киши гана пайдаланышы керек. Абхазияда каттоого алынган унааларды Кыргызстанга мыйзамсыз пайдалануу максатында алып келип, бажы төлөмдөрүн төлөбөй жана Кыргызстанда мамлекеттик каттоого тургузбаган учурлар — кылмыш болуп саналат. Мындай унаалар бажы кызматтарынын убактылуу сактоочу кампаларына киргизилет.

Буга байланыштуу Бажы кызматы Абхазияда каттоодо турган унааларды сатып албоого жана бул унааларды Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлчү тийиштүү каттоо процедураларысыз, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы каттоо органдары тарабынан каттоого тургузбай туруп пайдаланбоого чакырат.

Булак: Баракелде