"Тууган- уруктан кабар алып,жолугуп туруу мерездик,таш боордук,кайдыгерликтен куткарат. Чындыгында, акыркы мезгилде сотка, телефондон ата -эне, бир тууган, тууган -урук менен учурашуу, кабар алуу модага айланып, бири бири менен мээрим бөлүшүп, сырдашып, сыйлашып, боор батыруу жоголуп баратканы өкүнүчтүү.
Ата- эне, бир тууган, тууган -урукка мээримдүү, кайрымдуу болуу ынтымакчылык, биримдик, боорукердиктин башаты үй- бүлөдөн башталып, жалпы коомго жылуулук тарайт. Мээримдүүлүк, боорукердик, кайрымдуулук орнойт. Соткадан видео кылып жүз жолу сүйлөшүп коюу, абалын сурап коюу бири бириңе көзүң көзүңө түшүп кучак жайып учурашуунун, сүйлөшүүнүн бир жолкусуна барабар жакшыларым. Соткадан эмес, тирүү жандар катары жүз көрүшүп,учурашып турууну адатка айланткыла асылдарым. Сотка жокто тууган- уруктардын бир бирине болгон мээримдүүлүгү, боорукердиги, кайрымдуулугу, мамилеси өзгөчө болчу. Үй -бүлөдөгү ынтымакчылык, жылуулук коомго сөзсүз таасир берет.", - деп жазды экс-депутат Надира Нарматова соцтармактагы баракчасына.