Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.

Ош шаарынын мэри, Дөөлөт Сыдыковго күч-кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эске салсак, манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт манас айткан.

 

 

 

 
Булак: Маралфм