Биринчи лиганын финалында «Жети-Өгүз» (Ысык-Көл облусу) жана «Кара-Буура» (Талас облусу) командалары жолугуп, 2:1 эсеби менен «Кара-Буура» командасы жеңишке жетти жана Жогорку лигада ойноого жолдомо алды.
Ал эми Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» командасы (Талас облусу) менен «Достук» командасы (Ош облусу) күч сынашып, 4:4 эсеби катталды. Ага байланыштуу буллит ойнотулуп, 6:5 эсеби менен «Ынтымак» командасы атаандашын артка калтырып, жеңүүчү аталды.
Сыйлоо аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.
Кайрат Иманалиев оюндун катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Кыргызстанда ынтымак, тынчтык болсун! Ат жалында өскөн кыргыз жигиттерибизге ар дайым жараткан улуу намыс берсин! Спортчулардын, машыктыруучулардын, спорт күйөрмандардын спортко болгон сүйүүсү, жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн биздин спорттун улуттук түрлөрү өнүгүп, өлкөбүздүн желеги бийик даражалуу мелдештерде желбиреп келе жатат», - деди ал.
Мелдеш Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин элесине арналды.
Булак: Баракелде