Жалгыздыктан кантип арылабыз? Сүйүү менен. Эркек менен аялдын сүйүүсү жөнүндө сөз болгон жок. Өзүңөргө болгон сүйүү жөнүндө айтып жатам. Жараткандан кийин, албетте. Ооба, бул фразаны далай жолу уктуңар болуш керек. Бирок өзүңөргө болгон сүйүү эмнеден башталаарын билбей жатасыңарбы?
Өзүңөрдөн организмиңерди, денеңерди сүйгүлө. Көрүнгөн пайдасынан зыяны көп тамак-ашты тыкпагыла зордуктап. Кыймылсыз жашоо менен же тескерисинче, суукта үшүтүп, ысыкта күнгө кактап кыйнабагыла. Чылым чегүү, алкоголь менен уулантпагыла. Организмге хрусталдан жасалган вазадай мамиле кылгыла. Кудайдан, табияттан берилген белек бул.
Жашоого, адамдарга көз карашты өзгөрткүлө. Сүйүүгө суусаган аял баарынан сүйүү талап кылат. Баарынын көңүлүн бурдургусу келип, баарын чарчатышы мүмкүн. Маршруткадан, дүкөндөн урушуп, жини тез келген айымдарды көрсөңөр, капаланбагыла. Ал сүйүү эңсеген, сүйүүгө суусаган айымдар, кичинекей баладай: “Мага көңүл бургула”- дейт,бул алардын жан дүйнөсүнүн кыйкырып ыйлап жатканы.
.
Сүйүүңөрдү бергиле, тараткыла, чачкыла! Балдарга чөмүчтөп бергиле, ата-эне, бир туугандарга чакалап бергиле. Алар сүйүүгө ток болсун, сүйүүгө канааттансын. Бирок өзүңө жетпей аткан сүйүүнү кантип бересиң? Демек сүйүүгө толо башта! Изденип, окугула!
Өзүңөрдү жоготкон жериңерден кайра издеп тапкыла. Мен эмнени жакшы көрөм? Мага кандай оң-түс, жыт, үн жагат? Мен кандай адам менен сүйлөшсөм жеңилдейм? Кимден күч алам, а кимден алсыз болуп калам? Эмне кылсам күчүм толукталып, энергиям кайра толот? Деги мен эмнени каалайм? Ушул сыяктуу суроолорду өзүңөргө бергиле.
Стоп.. дегенди баскыла да... өзүңөрдү тыңшаганды үйрөнгүлө.
Эмнеге сөзсүз силерге бирөөнүн мактоосу керек? Эмнеге бирөөнүн жакшы сөзүнө муктажсыз? Балким өзүңөргө ишенбейсиңер? Анын башталышы балалыкта, ата-эне берген тарбияда болот. Отузга, кыркка чыксак дагы ошондогу жетпей калган сүйүүнү эңсейт экенбиз. Бир чети өзүбүздү аябай башкаларга жашообузду арнайт экенбиз. Ошону менен эле бирге жетпей калган сүйүүнү башкалардан өмүр бою издеп, өзүбүздү бактысыз сезет экенбиз. А болгону гана өзүбүз менен өзүбүз сүйлөшүп, анализ кылганды үйрөнүшүбүз керек экен.
Нурзат Токтосунова