Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

"Бүгүн бир орто бизнесмен таанышым менен кезиктим... Элитный үй салган компаниянын кызматкери. Өтө кооптуу маселени учкай айтып берди... Азыр укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кадимкидей эле бизнести басмырлап, майда-чүйдө каталарды таап алышып, одоно "сааганга" өтө башташты дейт ал жигит...

Бул жакшы жышаан эмес... Конкретно ким, кайсы органдардан десем коркуп, бизнесибизге залакасы тийет деп качып, болбой койду...Минтип отурсак чоң бизнес эмес, кичи жана орто бизнестен да айрылып калышыбыз мүмкүн! Эң жаман тенденция.Бизнес кылуу жеңилдиги жана коопсуздугу боюнча Эл аралык рейтингдерде да артка кете баштадык. Бул болсо сөзсүз чет өлкөлүк инвесторлорду да качырат, шек жок буга...

Бийликтин чечимдерине карабай, Президенттин Указдарына, Өкмөттүн бизнести колдоо боюнча токтомдоруна карабай, ушундай наадандык улана берсе жакшы болбойт..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.