Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

Буга чейин Таластагы Жерүй кенин иштеткен инвесторлордун ким экендиктери боюнча ар кандай пикирлер айтылып, жазылып келген. Эми андай пикирлерге чекит коюлду десек болот.

Бүгүн, 17-мартта Жерүй кени салтанаттуу түрдө ишке киргизилип, ага президент Садыр Жапаров катышат. Ал эми телекөпүрө аркылуу ага Россиянын президенти Владимир Путин көз салмакчы. Путиндин Жерүй кенине алыскы Москвадан туруп көз салуусу кенди иштетүүдө Кремлдин кызыкчылыгы да чоң экенин айгинелейт. Мейли, кенди иштетүүгө Путинчилердин аралашуусу балким, жакшыдыр. Кендин туруктуу иштөөсүнө кепилдик болот дегендей. Бирок ошол эле мезгилде кыргыз бийлиги кен жайгашкан жердегилердин тынчтыгын, түшүнүүчүлүгүн камсыз кылып, кендин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылып бериши зарыл. Жерүй кенинин иштөөсү кайсы бир деңгээлде Кыргызстан менен Россиянын алакасынын барометрине айланганы турат. Башкысы, кенди иштетүүдөн өлкөбүздүн бюджети, элибиз пайдасын көрүп, ансыз да эңшерилген экономикабыз өйдөлөсүнчү…

Белгилей кетсек, Жерүйдөгү алтын өндүрүүчү фабриканын кубаттуулугу жылына 1,3 млн. тонна руданы түзөт. Казылып алынган рудалардын баары Кыргызстандын аймагындагы аффинаждан иштетилет. Алтын куймаларына ээлик кылуу укугу Кыргызстандын Улуттук Банкына берилген. 

Булак: "Майдан. kg" гезити