Ушул айдын башында Аксы районунун Кара-Жыгач, Кара-Суу айыл аймактарында болгон окуя республикадагылардын дене бойлорун титиретти. Анткени, жергиликтүү кеўешке депутат болгусу келген Бурулкан Эргешова деген аял кафге 20га жакын аял-эркекти чакырып сыйлап, техникалык спиртти куюп бергенден улам алардын көбү ууланып, жетөөсү жарык дүйнө менен кош айтышты.

Ал окуяны иликтегенде андан жаман үрөй учура турган окуялар ачыкка чыкты. Көрсө, Б.Эргешова аптекасынан ар кимдерге техникалык спирт куюп берип жүрүп, ага чейин 3 адамдын өлүмүнө себепкер болгон экен. Ал эми жердештери Б.Эргешованын пандемия күчөгөн убакта айылдаштарына бет каптарды, дары-дармектерди өз баасынан 2-3 эсе кымбатка сатып, элди нааразы кылган экен. Эми анын күнөөсү менен 10 адам өлгөндөн кийин да ал “мен алардын ооздоруна спиртти мажбурлап куйган эмесмин, өз ыктыярлары менен ичишкен” деп бет тырмарлык кылып жатыптыр. Демейде, эки адам мушташса деле жетип барып, камап коюучу укук коргоо органдары он адамдын өлүмүнө себепкер болгон Бурулкан Эргешованы кармаша деле элек. Эмне үчүн?

Анын агасы айылдык оорукананын башкы врачы болсо, иниси Алмазбек Эргешов “Кыргызстан” партиясынан ЖКга депутат болуп жүргөн ишкер адам. Айтымда, Б.Эргешованын, анын балдарынын байлыгы, оокаты деле бир топ экен. Мына ушул жагдайлар Б.Эргешовага карата тийиштүү чараларды көргөнгө тоскоол болуп жаткан сыяктанат. Анткени, пулу барларга, кулу болгусу келгендер органдарда аз эмес.

Бирок, укук коргоо органдары кыймлдашпаган менен жердештери Б.Эргешовага карата бир айдын ичинде үй-жайын, аптекасын, мал-келдерин сатып, өлгөндөрдүн ар биринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөп берип, башка жакка биротоло көчүп кетүүсүн талап кылып жатышыптыр. Ал аткарылабы, же талап бойдон калабы, ал азырынча белгисиз. Анткени, бирөөнун өлүмү-бирөөгө той дегендей, Кара-Суу айылында Б.Эргешованы колдоп, ал кудайдын кылганы, эми аны жөн эле койгула дегендер да чыгып жатышыптыр. Кудай кылды дегендей, эмне конокто болгондорго Кудай техникалык спиртти куюп берди бекен? Элчилик десе деле, бир пиала чай, бир тиштем эт үчүн мындай өтө пастыкка тушүп кеткен болбойт. Аны Кара-Суу, Кара-Жыгач айылында жашагандар эске алып жүрүшсө дейбиз.

Булак: "Майдан. kg" гезити