Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан 2 адам ок атуучу куралдан жаракат алып кайрылганы боюнча маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө болгону такталды. Өзгөн шаарынын 31 жаштагы тургуну М.Ш. өзүнө таандык «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү унаасында Өзгөн шаарынын 21 жаштагы тургуну К.С. жана 31 жаштагы тургуну А.А. менен отурган. Ошол учурда алардын жанына белгисиз унаа келип токтогон. Андан кийин ал унаадагы адамдар айдоочунун ордунда отурган Ш.М. менен арткы орунда отурган К.С.га белгисиз үлгүдөгү курал менен ок атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Алдыңкы жүргүнчүнүн ордунда отурган А.А.га ок тийбей калган. Октон жаракат алган экөө ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тийиштүү иштер жүрүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Өзгөн аймактык ооруканасынан билдиргендей, жаракат алгандардын бирөөнүн башына, экинчисинин көкүрөк тушуна ок тийген. Экөө тең ооруканага жеткенге чейин көз жумган.

Өзгөн шаарынын Шарк кварталынын башчысы Муктар Ибрагимовдун айтымында, каза болгон 2 жигит тең жакшы үй-бүлөнүн балдары болгон. 31 жаштагысы Өзгөн шаарындагы базарда бут кийим сатса, 21 жаштагы жигит телефондун аксессуарларын сатып иштечү. Учурда балдардын сөөгүн мейитканада. Туугандары сөөктү алышса бүгүн, 19-мартта жума намаздан кийин жерге берилет. Азырынча аларды ким атканы белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: Turmush