«Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, борбор калаада январь айынан 18-мартка чейин коронавирус жана пневмония аныкталгандардын саны 2551 адамды түзгөн.
Ошондой эле Европада коронавирустун жаңы штаммдары чыгып, коңшу мамлекеттерде катаал чектөөлөр киргизилип жаткандыгын, эпидемиологиялык абалдын туруксуздугун эске алып, коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.
Мэриянын маалыматына караганда, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна курч респиратордук вирустук инфекциянын симптомдору менен кайрылган балдардын саны 1,5 эсе көбөйгөнүн билдирген.
Булак: Баракелде