Жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында кызматташуу тууралуу кол коюлган 2017-жылдын 5-октябрындагы келишим боюнча, Кыргызстанга минералдык жер семирткичтер негизинен Өзбекстан Республикасынан ташылып келет. Ар жылкы квота 100 миң тоннаны түзөт. Анын ичинде жазгы талаа жумуштарына 60 миң тонна, калган 40 миң тоннасы күз мезгилине туура келет. Мындан тышкары Кыргызстанга келип түшкөн жер семирткичтердин 30-35%ы Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына тийиштүү.
Жыл сайын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого күз-кыш мезгилинде 30-40 миң тоннага чейин минералдык жер семирткич ташылып келет. Себүү иштери башталганга же 1-мартка чейин стратегиялык запас 45-50 миң тоннадан кем эмес жер семирткичти түзүш керек. Республикада аталган запас камсыздалганда күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоо окуялары болгон.
Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда алты айлык мөөнөткө киргизилген.
Булак: Баракелде