Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта Сауд Арабиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгү аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабиясы өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берерин айтты.

Булак: Баракелде