Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

"Урматтуу Садыр Жапаров ишиңиз бир аз жеңилдегенде, бир чоң маселе  бар ошого  көңүл бөлүп койсоңуз.

Кыргыз урпагынын  генетикасынын жана урук- тукумунун сапаттуу жаралышына шарт түзүшүбүз керек. Атайын аялдарга арналган, үй -бүлө пландоочу чоң мекеме ачып, ар бир аялдарды окутуп, дарылап, үйрөтүп, билимге суугарып, анан балалуу болуусун сунушташыбыз керек. Ак илбирстин тукуму жоголуп кетти. Ишенбесеңиз байкаңыз көзү оттой жанган акыйкатчыл баатыр кыргыз аялдар жана эркектер  өтө аз кездешип калды. Баарыбыз куу түлкүлөрдөй шыйпаңдайбыз, эркектер да, аялдар да. Маданиятыбыз өтө төмөн.

Аялдардын жана эркектердин арасында алкаштар, наркомандар, гинекологиялык  оорунун түр-түрү менен ооругандар,  психологиялык жактан жабыркагандар, моралдык оорукчандар байкалбай тукум  берип жатат. Келечек коркунучтуу.

Ошондой эле,  биздин эркектердин да генетикалык абалы начарлап жатат жылдан жылга, алар да ичет, чегет, өпкө оору, боор оору, жүрөк оору. Эң коркунучтуусу билимсиз, аша чапкан динчил.

Баягы 90- жылдардагы окубаган маң баштар азыр шорду куруткандай, дагы 30 жылдан кийин азыркы туулуп жаткан оорулуулар, генетикалык тукуму начарлар каптап кетет.

Эртеңкинин азабынан бүгүн кутул, башыңа келтирбей, келгенде кеч болот, деген ой баалуу", - деп жазды соцтармактагы баракчасына туз тебүү өнөрү боюнча олимпиадалык чемпион Элизабет Турсынбаеванын апасы Падышахан Султаналиева.