Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.
Кыргызстандын жана Тажикстандын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүшүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз ара толук түшүнүшкөнүн билдирди.
Кеңешменин алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды. Анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты.
Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттерди алдын алуу боюнча өз ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өттү. Ага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан.
Эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондорунун ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.
Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.
Булак: Баракелде