Бишкек шаарынын чет жакасында, Мурас-Ордо конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын айтымында, учурда коңшулары укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте дайынсыз болуп жаткан агасын издеп жатышат.

"Бүгүн эртең менен ата-энелер жумушка кетишти, түшкү тамактануу маалында энеси үйүнө кайтып келип, уулунун тамагынан мууздалган денесин тапты", - дешет тургундар. - Азыр 10-класста окуган улуу аганы издеп жатабыз. Ал бала менен үйдө болуш керек болчу.

 

Бишкек ШИИББ Vesti.kg сайтына азырынча маалыматты тактоого убада берип, комментарий бере элек.

 


Булак: vesti.kg