Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, аянтка боз үй тигилип, алты бакан селкинчек орнотулат.

"Иш-чара саат 10:00дө башталат. Алгач жергиликтүү бийлик конокторду Нооруз майрамы менен куттуктайт. Андан соң концерттик программада Бек Борбиев, Арзыбек Бедияров, Айпери Кулбаева, Гүлзина Мамаева обон созот", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси да уюштурулат.

Булак: Кабар