«Гезитибиздин өткөн жумадагы чыгарылышына, «Галина Байтерек иштей албай жатат, ага караганда Анжелика иштесе мыкты иштемек хайп жаратып» — деп жазганбыз», дейт Мамытова.
Галина айым редакцияга телефон чалып, «Менин иштей албай жатканымды, президенттин маалымат саясатын туура жүргүзө албай жатканымды далилдеп бергиле, мени кайдагы бир ырчы Анжеликага эмнеге теңейсиңер? Мен сонун эле иштеп жатам» деп нааразы болгон.
-Кечээги эле Үңкүр-Тоо боюнча маселеде коомчулукка бүлүк салып, кыргыз-өзбек ортосундагы маалыматты туура эмес берип, Президентти коомчулук астында бир топ сынга кабылтканын эмне дейт болду экен ыя?! Урматтуу достор! Пресс катчынын ишмердүүлүгүн коомчулукка салалы. Чын эле Галина айым Президентти маалымат катчысы катары жипке тизген шурудай кылып, деңгээлин көтөрүп койдубу? Оюңарды ортого салгылачы. Буга чейинки президенттердин пресс катчылары сындасак сыныбызды туура кабыл алып, эч бир журналист менен конфликтке барышчу эмес! Сын айтылат, жазылат! Айрыкча президенттин айланасы сын-пикирге даяр болуш керек! Желпилдеп жеңил болуп, журналисттер менен ызы-чуу болсо Президентке эле сөз тиет! Мен Галина эже менен соттошууга даярмын! Фейк-троллдорго СТОП!, -деп билдирди «Ачык саясат» гезитинин башкы редактору.
Эске салсак, 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат таратып, ырасмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген.
Социалдык тармактарда бул маалымат кызуу талкууга жем таштаган.
Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени кабарланган. Ага чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу да ачылары белгиленген.
Булак: Элгезит