Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдуулукту камсыздоо, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, 2021-жылдын 10-мартынан 12-мартына чейин республиканын аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан "Нелегал" аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИОнун аймактык бөлүмдөрү тарабынан бир катар мыйзам бузуулар, атап айтканда мыйзамсыз миграция уюштуруунун 49 фактысы аныкталып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси менен катталган.
Ошондой эле, Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана колдонуу эрежелерин бузган 12 факт аныкталып, материалдар КЖБРге КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесине ылайык катталган.
Чет өлкөлүктөрдү каттоонун жол-жобосун бузган 23 факт аныкталып, КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренеси боюнча КЖБРге катталды.
КР аймагында чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруунун 6 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 57-1- беренеси боюнча катталды.
Жогорудагы мыйзам бузуу фактылары боюнча 83 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча 5 факт аныкталды.
Мындан тышкары, ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда ички иштер органдары бир катар кылмыш иштерин, анын ичинен экстремисттик мүнөздөгү материалдарды даярдоо, жайылтуу сыяктуу фактылар аныкталды.
Ага ылайык бул кылмыштарды жасоого бир нече жарандар шектүүдө.
Булак: Кабар