Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

Ал эми 2020-жылдын декабрь айынын аягында 4 млрд 217.45 млн долларды түзгөн. Өсүү 4.16 млн долларды же 0.09%.

Тышкы карыздын структурасын караса, эки тараптуу жеңилдетилген насыялар 10.64 млн долларга жогорулаган, ошол эле учурда көп тараптуу жеңилдетилген карыздын көлөмү 4.4 млн долларга төмөндөгөн. Көп тараптуу жеңилдик берилбеген насыялр 1.88 млн долларга, эки тараптуу жеңилдик берилбеген – 210 миң долларга азайган.

Эки тараптуу жеңилдетилген насыялар Кыргызстандын кытай алдындагы карызын бир айда 16.16 млн долларга (1.37 млрд сомго) жогорулаткан. Андан сырткары, Кувейт өнүгүү Фонду жана Абу-Даби өнүгүү Фонду алдында дагы Кыргызстандын карызы жогорулаган.

Кошумчалай кетсек, өлкөнүн тышкы карызынын улуттук валютадагы көлөмү 9.4 млрд сомго жогорулаган. Бул негизинен курстук айырмачылыктарга байланыштуу.

Булак: reporter.kg