Судья блогердин соттогу акыркы сөзүн сүйлөөнү 24-мартка белгиледи. Акыркы сөздөн кийин сот чечими чыгарылат.

10-мартта сот процессинин жүрүшүндө Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан. Блогердин адвокаты комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирип, аны мамлекеттик айыптоо колдогон. Ал корутундуда «Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес» деп табылган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. 

Булак: Элгезит