Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына маек куруп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал өзүнүн Өзбекстанга иш сапары учурунда элдер ээн-эркин бири-бирине каттоосу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы чек араны ачуу чечилгенин тактады.

“Бизде 7 өткөрүү пункту жабык. Биз аларды ачууга макулдаштык. Азыр ушул багытта иштер жүрүүдө. Кудай буйруса Өзбекстан менен чек араларды толугу менен ачабыз”, - деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы 2-апрелде Казакстан менен “Ак-Жол” – “Кордай” пункту ачыларын билдирди.

Булак: Кабар