Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттен мыйзамсыз түрдө 59,5 млрд сом акчаны чыгарып кетүүгө катыштыгы бар делип Кыргыз Республикасынын 1973-жылы туулган жараны Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө.

«Анын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматы бар адамдар болсо, УКМК нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранабыз.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет», - деп айтылат маалыматта.

  

Булак: Баракелде