Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 15-мартта билдирген маалымат боюнча, эки инстанциядагы соттордун чечими күчүндө калтырылды.
Ч.Жумагулов Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (бейбашчылык) менен күнөөлүү деп табылган.
Башка айыпталуучулар Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар катуу токмоктолгондон кийин көз жумган 2 адамдын (эркек киши) өлүмүнө шектелген.
Булак: Баракелде