Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун 10-марттагы өкүмү менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы Т.Өмүралиевге карата өкүмү жокко чыгарылды.

Билдирүүгө таянсак, Т.Өмүралиев 304-берененин 4-бөлүгү, 304-берененин 2- бөлүгү менен күнөөлү деп табылып, ага беш миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленген.

Булак: reporter.kg