Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка караганда, кургак учук жуктурган жоокерлердин тобу ооруканага алгач 21-январда келип түшкөн. 12 жоокер Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасында, 1 жоокер башка аскер бөлүктө кызмат өтөйт.
“Баары кургак учуктун жабык түрүн жуктурушкан. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Ушул жумада бир бейтапты чыгарууну пландалууда”,-деп айтылат маалыматта.
Булак: govori.tv