Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

- Бишкек шаарында 4,

- Чүй облусунда 1,

- Нарын облусунда 1,

- Ысык-Көл облусунда 2,

- Баткен, Жалал-Абад облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.

Күрөңкеев көчөсүндө «Mitsubishi Delica» үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Максим Горький көчөсүндө турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби — жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Салиева көчөсүндө бөлмөнүн 3 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби — электр жабдыктарын куроодо жана пайдаланууда эреженин бузулушу.

Булак: Баракелде