Печать
Категория: Коом
Просмотров: 65

Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Ошондой эле Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

“16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: govori.tv