Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар маселелер талкууланып, документтерге кол койгону айтылды. Анын катарында чек ара маселеси да сүйлөшүлүп, кыргыз-өзбек президенти Үңкүр-Тоону Кыргызстанга берип, анын акысына Сох анклавына коридор ачуу маселесин макулдашканын президенттик аппарат маалымдады. Бул көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Анткени, Сох анклавына коридор ачуу кыргыз тараптын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, экинчиден, Үңкүр-Тоо кыргыздын жери. Аны Өзбекстан берип, акысына кайсы бир талапты коюуга жөнү жок. 

Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бул тууралуу пикирин билдирди:

"Бул жер Кыргызстандыкы болчу, тарыхы тээтиги совет доорунан башталган, эгемендик алгандан кийин Унгар-Тоого теле-радио антенналар коюлуп, бүт Фергана регионуна саясий таасир бере баштаганда, расмий Ташкент нааразычылык билдирип "бул талаш жер" деп чыккан. Андан кийин көп сүйлөшүүлөр болгон, бирок келишимге эч ким кол койгон эмес. Менин билишимче акыркы жолу Ташкентке барганда экс-президент А.Атамбаев  жашыруун кылып кыргыз-өзбек чегарасы боюнча кол койгон.Ошол документти ачыкка чыгарып изилдеш керек, балким ошондо чечип койгондур".