"Учурда түшүнгөн -түшүнбөгөнү деле "Бишкек шаарындагы түтүндү тазалайбыз" деген ураан менен чыгып жатат. Сиздин оюңузча шаардын булганычын чечсе болобу? ЖЭБдин ордун баса турган альтернативдүү жылуулук булагын кандай жол менен чечүүгө болот?" - деген суроого экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов мындай деп жооп берди: 

"Дүйнөдө бир эле проблема бар, ал-кедейчилик… Мамлекетти реформа кылып кедейчиликтен кутулсак маселе чечиле баштайт:

- Элдер газга же электр жылыткычтарга өтөт;

-Машинелер жаңыланат жана электромобилдер сатылып алына баштайт;

- ГЭСтер курулса көп кабаттуу үйлөрдүн жылыткычтары электрге өткөзүлөт;

- ЖЭБ ошондо жабылат…

Башка жол жок...!!! Популисттер көрүнгөн нерселерди айта беришет. Бизде күндүн жана шамалдын энергиясына өткөнгө шанс жок…"