Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

ыйынга УКМКнын жетекчилиги, борбордук аппаратынын башкармалыгынын жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Анын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйында эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ведомстволук актылардын жана коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык стандарттардын талаптарын системалуу түрдө изилдөө жана сактоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди.