Печать
Категория: Коом
Просмотров: 183

Медицина илимдеринин кандидаты, Нарын мамлекеттик университетинин юриспруденция кафедрасынын доценти, Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоонун отличниги Дамира Шүкүрова (Абдыкадырова) каза болду. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Дамира Шүкүрова (Абдыкадырова) — тилчи-окумуштуу, лексикограф Жапар Шүкүровдун кызы.

1941-жылы 6-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетин аяктаган.

1965-1968 — Нарын шаарында участкалык дарыгер;
1969-1970 — Нарын шаардык балдар бакчасынын педиатры;
1970-1971 — Нарын медициналык окуу жайынын практика бөлүмүнүн башчысы;
1971-1973 — Нарын облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы педиатры;
1973-1978 — Нарын медициналык окуу жайынын башкы мугалими;
1978-1986 — Нарын медициналык окуу жайынын директору;
1986-1991 — Нарын облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери;
1991-1997 — Нарын облустук балдар ооруканасынын башкы диетологу;
1997-жылдан баштап Нарын облусундагы Кыргыз-Түрк лицейинин дарыгери болгон.

Ошондой эле ал эл аралык аялдар кыймылынын аймактык өкүлү, Нарын облусунун Медициналык-маалыматтык балдар борборунун башчысы, Нарын облустук кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон.

Булак: Баракелде