Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, "Каркыра" бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, "Каркыра" өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы "Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө" макулдашуусуна ылайык, "Каркыра" көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн", - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар