Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат тараган.
Бүгүн, 12-март күнү облустук милиция бул окуя боюнча маалымат таратты.
«10-март күнү Аксы РИИБине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгып кароо жүргүзгөндө эркек ымыркайдын жансыз денеси кийимсиз абалда, бети жана колдору жарым жартылай тытылган абалда табылган.
Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди басма сөз кызматынан.
Булак: Элгезит