Суу, электр, газ, жылуулук ж.б. үй кызматтарын төлөгөндөн кийин беш миң сомдой пенсиям калат. Бул ким бирөөгө аз сезилер, бирок көптөгөн пенсионерлердин пенсиясына салыштырмалуу жакшы эле сумма. Тилекке каршы, азык-түлүк кымбат болгондуктан, ушул көп сумма деп сезилген пенсияга да бутту кенен сунуп жашоо мүмкүн эмес.

Мен жалгыз жашайм. Көп кабаттуу үй болгондуктан, короого жашылча-жемиш өстүрүүгө да мүмкүнчүлүгүм жок. Беш миң сомду кантип бир айга жеткиреримди айтып берейин.

Беш миң сомду 30 күнгө бөлгөндө бир күнгө 160 сомдой акча туура келет. Бул акча тоюнуу үчүн көп нерседен баш тартууга туура келет. Кийим-кече, башка нерселерди айтпай эле коеюн, жей турган азыктардан да кымырылып, өтө керектүүлөрүнө гана басым жасоого аргасызмын.

Жумасына үч жолу дүкөнгө барам, андан көп барууга болбойт. Мурда, бул режимге көнгөнгө чейин ар бир жолу дүкөнгө бараар алдында эмне алаарымды, эмне керектигин баракка жазчумун. Жазганымды кайра карап, кайсыны албай кое турсам болот, кайсы азыкты жебей чыдай алам деп талдоо жасайт элем. Азыр болсо баары эс-тутумумда жазылуу.

Негизги тамак-ашым - жашылчалар жана дан азыктары. Картошка такыр жебейм. Жаңы картошка чыгып жаткан маалда гана жебесем, калган учурда сабизге басым жасайм. Анан кызылча, капуста ж.б. Бадыраң менен помидорду күзүндө баасы арзан болуп турганда гана жейм. Пекин капустасын да жакшы көрөм. Баасы да арзан, салат жасаганга да, мындай эле жей бергенге да болот.

Дагы бир секрет - жашылча жана көк чөптөрдү мен күзүндө, арзан кезинде муздаткычка салып тоңдуруп коем. Чоң, акыркы үлгүдөгү муздаткычты колдон арзанга сатып алган. Бирок жакшы иштейт. Шаар сыртында, жер үйдө жашаган курбум бар. Ал убак-убагы менен тоңдурулган жашылча - жемиштерди жөнөтүп турат. Анан жайында көчө боюндагы ээсиз алма бактардан алма терип алам. Аны да муздаткычка салып коем. Февралга чейин жетет, алма сатып албайм.

А эт болсо, бир гана тооктун этин алам. Дүкөндөн. Аны да кез -кезде. Кээде организм этти күсөп калат эмеспи, ошондой убакта тоок этип сатып алып, духовкага бышырып, өзүмдү сыйлайм. Баарынан да сыр көп жегим келет. Таттуу дагы башка азыктарга анчалык деле муктаждыгым жок. А бирок жыты буркураган бир кесим сырдын даамы таңдайымда турганы турган. Кээде азыраак алып жейм. Ансыз болмок беле.

Жайында жылуулук берилбеген кезде пенсиямдан көбүрөөк акча артат. Ошол убакта кир самындан көп кылып алып коем. Кир самын менен кир да жууйм, өзүм да жуунам. Жада калса идиш-аякты да кир самын менен жууганга көнүп калдым. Арзан дагы, зыяны да жок. Ушинтип жашап жатабыз. Бул бир гана мага эмес, дээрлик бардык жалгыз бой пенсионерлерге таандык рацион болсо керек.

Лидия Иванова, Бишкек шаары