Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын артисттери 6-мартта сахнага чыгуудан баш тартып, көрүүчүлөрдөн кечирим сурашты.
Көрүүчүлөрдүн айтымында, алар орусиялык жылдыздардын катышуусундагы «Ак куу көлү» («Лебединое озеро») балетин 40 мүнөткө чукул күтүшкөн. Кийинчерээк улуттук балет театрдын артисттери чыгып, спектакль болбой турганын жарыялашкан.
Артист Марат Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, артисттер коммерциялык спектаклдерди өткөрүүгө каршы болушкан. Ошондой эле, ал кыргызстандык артисттер орусиялык бийчилер менен тил табыша алган жок деген маалыматты төгүндөдү.
«Маселе мында эмес, бул маселе көтөрүлгөн да эмес. Биз орус балети менен жакшы мамиледебиз, биз анын тарыхын сыйлайбыз. Көйгөй башка нерседе — артисттер коммерциялык спектаклдарды өткөрүүгө каршы болушкан, анткени алар [уюштуруучулар] бул спектаклдер үчүн бизге төлөбөйт. Экинчи терс жагы— алар биздин спектаклдерди алып коюп, биздин солисттер ишсиз калууда», — деди Сыдыков.
Орусиялык солисттерди алып келип спектаклди уюштурган «Радужка» коомдук фондунун төрайымы Сагида Жумабекова «24.kg» басылмасына театрдын жамааты спектаклдын алдында 70 миң сом төлөп берүүнү талап кылышканын билдирди.
«Биз макул болуп акчаны алып келдик, бирок артисттер чыгышкан жок. Алар спектаклга даяр эмес болчу», — деп комментарий берди ал. Жумабекова бул алдын ала пландаштырылган акция болгон деп эсептейт.
Анын айтымында, учурда фонд акт түзүп Опера жана балет театрына доомат коюуну көздөп жатат.
«Келишим боюнча биз ижараны театрдын кассасына төлөйбүз, ал эми каражаттарды театр өзү башкарат. Биз аларга айта албайбыз. Кийинчерээк артисттер сахнанын артында биздин фондго доосу жок болгонун жарыялашкан — алар көйгөйдү театрдын жетекчилигине аз маяналарга байланыштуу көтөрүшкөн», — деди Жумабекова.
Балет 45 мүнөт кечигүү менен башталды — ал 17:00гө пландалган болчу. Ошондой эле ал программа боюнча 3 саат эмес, 1,5 саат гана созулган. Буга орусиялык солисттердин жергиликтүү труппасыз чыгуусу себеп болду.
Булак: “Майдан. kg” гезити