Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү токтому кабыл алынып, депутаттар 15-19-март күндөрү шайлоочулар менен аймактарда иш алып баруу чечимине келишти.
Мындан улам дээрлик бир жума шайлоочулар депутаттарын жакындан көрүп, маселелерине жооп ала алышат.
Эске салсак, Конституция боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө боюнча мыйзам долбоорун бүгүн парлмент 2-3-окууда кабыл алып беришти.