Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов гейлер кыргыздын идеологиясын бурмалап жатышканына токтолду. Ал жакында эле видеосу интернетке тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан "Бакай Банк" банкындагы көрүнүштү эске салды. 

"Президент кардиналдуу өзгөрүүлөргө барабыз деди эле, бирок андай байкалган жок, өкмөттөгү министрлер иштебей жатат. Бакай атабыздын атын алып жүргөн "Бакай Банк" 8-мартка карата иш чарасына айым кызматкерлерине белек кылып Европадан стриптизер чакырышыптыр. Бул эмнени билдирет? Мамлекеттик идеология кайда? Мындай маселени караган бирөө-жарым барбы?" - деди депутат. 

Ошондой эле, ал Россияда өткөн жылы өлкөнүн идеологиясына каршы келген 500дөй бейөкмөт уюмдары жабылганын белгиледи. 

"Биз дагы жабышыбыз керек. Алар ар кандай гей-параддарды өткөрүп жатышат. Идеологиябызды бурмалап, экстремисттик жол менен баратышат", - деди.