Сыймык аттуу кыргыз баланын Москвада жасаган эрдиги соцтармактарга жазылды. Фейсбуктун Кенжебек Шайлообаев аттуу колдонуучусу мындай билдирүү калтырды:
"Бул инимдин аты Сыймык. Атына заты жарашкан өзү да сыймыктантчу бала. Кечээ 9- март күнү Москва шаарындагы "Текстильщики" метросунун станциясынын рельсине кулап түшкөн орус улутундагы мас адамды өзүнүн жанын тобокелге салып алып чыкты. Ооба жалгыз эмес. Жанында чечен улутундагы жигит да бар болчу. Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып,башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган орустун эргулдары туруп жардамга кол суна алган эмес. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичипейил, куранды жатка билген кары жигит. Бар бол Сыймыкбек Алмазбек Уулу . Биз сени менен сыймыктанабыз!"
Мындан бир нече жыл мурда да Москвада кыргыз жараны ушул сыяктуу тобокелчиликке барган. Марат Исаев аттуу жаран метронун рельсине эсин жоготуп кулаган Россиянын жаранын көтөрүп чыккан. Поезд келээрине саналуу секунддар калганда аялды өйдөгө чыгарууга жетишкени менен куткаруучулар өздөрү чыга албай, рельске жата калып, өмүрлөрүн сакташкан. Россиянын президенти Вламидир Путин кыргыз жаранын мындай эрдигине медаль ыйгаруу менен ыраазычылык билдирген.