Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиянын чечими менен 9-марттан тартып мектептердеги башталгыч класстын окуучуларына жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына билим берүү мекемелерине барууга уруксат берилген. Бала бакчаларга мектепке даярдоо жана башкы тайпаларынын тарбиялануучулары кабыл алынды. Мында жалгыз бой энелердин же аталардын, мамлекеттик кызматкерлердин жана бала бакчага өтө муктаж болгондордун балдарына орун берилди. 

Бүгүнкү күндө шаарда 77 бала бакча иштеп жатат, 12 бала бакчада оңдоо иштери жүрүүдө. 

Буга дейре бала бакчалардын жетекчилери менен биргеликте мектепке даярдоо жана нөөмөт тайпаларынын тарбиялануучуларынын саны чыгарылган. Жалпысынан бир тайпага 10 баладан кабыл алынганда 4 514 орун даярдалаары белгилүү болгон. 

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгы балдардын бала бакчага келүүсүнө күн сайын мониторинг жүргүзүп турат. 10-мартка карата 3 043 бала келди. 

Саламаттыкты сактоонун шаардык башкармалыгы жалпы бирим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын арасындагы сасык тумоо, грипп, ковид ооруларынын динамикасын байкаштырып турат.