"Акыркы айларда УКМКнын органдары тарабынан өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир топ иштер жасалып жатканына күбөбүз. Айрыкча, антикоррупциялык көрүнүштө боюнча жигердүү аракеттерди белгилейбиз. Бажы, салык тармагындагы масштабдуу коррупциялык схемалар токтотулду. Бирок өлкөдө криминалдык кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү жана анын коомго тийгизген терс таасирин минималдаштыруу үчүн бардык укук коргоо органдарын бириктирүү керек. Буга чейин бир да жетекчинин тушунда бир нече айда өлкө бюджетине 4 миллиард сомго жакын каражат которулган эмес. Чек ара кызматынын УКМКга кошулганын колдойбуз жана аткезчилик жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканына күбө болуудабыз. Кайрылуунун аягында, биз, УКМКнын ардагерлери Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган жарандарды УКМКга байланыштуу негизсиз билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырабыз", - деген кайрылуу жолдошту УКМКнын ардагерлери.