Белгилүү актер, обончу Нурканбек Турсунбаев Абай Кунанбаев атындагы медалдын ээси болду. Бул тууралуу анын жубайы Жыпаргүл Турсунбаева билдирди.
"Менин өмүрлүк жолдошум Нурканбек Турсунбаевге Казак элинин залкар акыны, ойчулу, даанышман инсаны Абай Кунанбаевдин 175 жылдык мааракесинин алкагында Маданиятка өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Абай Кунанбаев атындагы сыйлык медалы ыйгарылды. Сыйлыкты Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Раимкулова Актоты айым өзү тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи А. Осмонов атындагы улуттук китепкананын Абай Кунанбаев залында өттү. Андан кийин, кечинде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында ушул мааракеге арналган түрк тилдүү элдердин искусство чеберлеринин аткаруусунда салтанаттуу иш-чара соң программадагы концерт менен коштолду", - деди Жыпаркүл Турсунбаева.
Белгилей кетсек, Нурканбек Турсунбаев Абай Кунанбаевдин бир топ ырларына обон жараткан. Ошол чыгармаларынын ичинен "Абайдын сулуусу" чыгармасы Кыргыз-казак опера ырчыларынын аткаруусунда чоң ийгиликтер менен аткарылып келет.