Печать
Категория: Коом
Просмотров: 311

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жигердүү ишине каршы тымызын “кара пиар” уюштуруп жаткан адам аныкталганы кабарланууда. Ал УКМКнын экс-төрагасы, азыр  абакта  жаткан Абдил Сегизбаевдин буйругун аткарган “куйрук” экени айтылууда.

Тагырагы, ал “куйрук” мурунку Президент А. Атамбаевдин басма сөз катчысы, кийинчерээк анын аппаратын (Президенттик админстрация башчысы) аз убакытка жетектеген  Алмаз  Үсөнов экени маалымдалууда.  

Алмаз Үсөнов А.Атамбаев  бийликтен кетип, башына кара булут айлана баштаганда дарегин такыр таптырбай  кеткен “көлөкөлөрдүн” бири болчу.

Сакы Садык