Быйыл Памирдеги кыргыз боордоштор бул жардамдарга ыраазы экенин билдиришип, мындан ары  негизги көйгөйлөргө айланган билим берүү, саламаттыкты сактоо өңдүү социалдык маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Өкмөтүнөн келечектүү жардамдарды сурашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматта ылайык, азыркы учурда Ооганстандын Кабул шаарына барган памирлик кыргыздардын ханы Махмуд Ажы Памиринин айтымында, балдарды окутуу, оорукана салуу – элдин көпчүлүгүнүн көксөөсү. Ошондуктан, ушул маселелерге Кыргыз Өкмөтү жакшылап көңүл буруп берүүнү суранышат.

“Бизге мындан кийин ун, күрүч, май сыяктуу жардамдарды эмес, анын ордуна келечегибиз үчүн мугалимдерди, саламаттыгыбыз үчүн дарыгердерди жөнөтүп берсеңиздер деп суранабыз. Эгер мугалим жумшай албаса, биздин балдарды Кыргызстанга алып барып, окутуп берсе, алар билимдүү мугалим, дарыгер болуп, бизге келип кызмат кылса дейбиз”,- деди Махмуд Ажы Памири.

Өткөн жылдын соңку айында памирлик кыргыздардын он чакты өкүлү ооган бийлигине бир катар социалдык маселелерди айтып, аларды чечип берүүнү өтүнүү үчүн Кабул шаарына барышкан. Кийин алардын бир бөлүгү Памирге кайра кайтып, кышкы убакта жол жабылып калгандыктан, айрымдары ушул күнгө чейин Кабулда жашап турушат.

Этникалык кыргыздарынын Кабулга барганынан кийин Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов президент Ашраф Гани менен жолуккан. Андан аз өптөй, Ооган Өкмөтү Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга 10 млн афгани өлчөмүндөгү тамак-аш азыктары, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам жөнөткөн. Бул – кыргыз сомуна эсептегенде 11 млн. сомго барабар.

Мындан сырткары, элчи менен өлкө башчысынын жолугушуусунан кийин этникалык кыргыздарга Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинен бир жана Улуттук Элдешүү Кеңешинен бир орун бөлүп берүү убадаланган.

Ошондой эле, памирлик кыргыздарга Эл аралык Ага Хан фонду жыл сайын 50 миң доллар өлчөмүндөгү жардам берип келет. Бул фонд, Ооган бийлиги менен биргеликте Кичи Памирге күн нурунан электр жарыгын алуучу батареяларды орнотуп, бир канча жерден таза суу чыгарып да беришкен. Андан сырткары, Памирге 230 чакырым аралыктагы автожол салып берген. Эми кийинчерек Улуу Памирге чейин да автожол салууну пландаштырып жатышканы маалым болду.

Ал эми, Кыргыз өкмөтү жыл сайын жөнөткөн жардарынан сырткары, көчүп келүүнү каалаган 50дөй үй-бүлөнү Кыргызстанга алып келген. Аларды Ош облусунун Алай районуна жайгаштырып, заманбап үйлөрдү салып берген. Учурда алардын балдары мектептерде билим алышууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити