"АКШда инвестициялык виза деп аталган миграциялык визанын түрү бар. Кыскартып айтканда, АКШнын экономикасына 1 миллион доллардан кем эмес акча салууга кимдир бирөө даяр болсо, ага автоматтык түрдө грин-кард жана келечекте АКШнын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Ошентип, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн 10 миңден кем эмес жараны визанын ушул түрүн алышат. Бул демек, жыл сайын АКШга визанын ушул түрү аркылуу эле сырткы инвестициядан 10 миллиард доллардан ашуун каражат түшөт деген сөз.

Ага кошумча жүздөгөн жаңы жумушчу орундар, билим берүү, дүйнөнүн төрт бурчунан клеген мыйзамды сыйлаган жана креативдүү ишкерлер... Инвестициялык жагымлуулук деген ушундай болот..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.