8-мартта Бишкекте болгон "Аялдар тилектештигин" даңазалаган митингден кийинки ой: 

Бул кетиште силер  бизди Америкага айлантпай эле ТАЙЛАНД өлкөсүнө айлатасыңар!!! Ушуну бир билип койгула!!! Американы ким коюптур силерге!!! Тайланд өлкөсү кичинекей бытпылдыгы чыккан туризминен башка эч нерсеси жок, кедей өлкө. Балекеттин баары ошол өлкөдө. Кашын чектирип, оозун чоңойтуп, кирпигин чаптап, кызы эркек болуп, эркеги кызга айланып. Бар мүчөсүн кесип ыргытып, жок мүчөсүн чаптап алып келген туристтерге чечинип алып бийлеп берген, сойкулуктун өнүккөн уюгу ошол өлкө. Башкача жол менен алар акча таба алышпайт. Баштары да жетпейт...  Жалаң жалкоолуктун айынан бири абийрин сатса, бири динге берилип буддага сыйынып кеткендер... Өлкөдөгү башаламандык ызы чуудан тажагандары, үй бүлөөсүн таштай качып, Храмга кирип чачын кырып шейшеп оронуп жашап алышат экен... Эми кара биздеги көрүнүштү!!! Тигиндей айтсаң мунусу чыгат ажылдап, укугум тебеленди деп, мындай айтсаң тигиниси чыгат кыйкырып укугум тебеленди деп... Эмне кылуу керек? Бизге дагы канчалык деңгээлдеги демократия керек?!!! Эркиндиктин жеткен чегине жетип алып, андан ары жардан учуп өлөлү дегени турасыңарбы? Кана ким зордук -зомбулукка дуушар болуп жатыптыр? Күйөөсү тепкилеп жатса ошого көнүп жашаган аял биринчиден өзү күнөөлүү, кетпей көгөрүп жашап алган. Андай көрүнүш Америкада да кездешет. Аял күйөөсүн акылынан ажырагыча сүйүп алганда ошондой зомбулукка дуушар болот.

Аялга кандай чектөө бар бизде? Эч кандай... Укугубуз бипбирдей!!! Обу жоктонбогула!!! Окуйм десе кыздар окуп жатат, иштейм десе иштеп жатат, жарым жылаңач жүрөм десе жарым жылаңач жүрөт, чүмкөнүп алам дегени чүмкөнүп деле жүрөт. Кана ким бир нерсе деди? Кайсы жерден укук тебеленип жатат? Же эмне юбкаң бир карыш экен, чачың көк түстө экен деп паспорт бербей койдубу? Эмне болгон эркиндикти сурап чыктыңар? Акылы жок кемпайлар... Биздегидей маскаралар Европада да жок!!! Ал жактан майка кийип көзүңдү боёп алсаң аябай карашат,  Тайланддан келген сойку деп ойлошот. Чоочуркап. Өздөрү жабык рубашка джинсы шым, кеды кийип, чачтарын будамалап байлап, рюкзак асынып алып эле жүгүрүп иштеп жүрүшкөндөрү. Бейчеки күндө эриндерине жада калса эндик коюшпайт. Мына билбесең билип ал,  Европа так ушундай жөнөкөй жашайт!!! Биздегидей шиш така да кийбейт алар.

Бир үч төрт жыл мурун... Европадан келген бир француз мени аябай чычалатты эле. "Кыргызстандын эли, айрыкча кыздары эмнегедир мага Тайланддын кыздарындай көрүндү" деп...

Чын да эй!!!

Саясатыбыз тиги болсо, карызыбыз олчоюп, жерлерибиз кертилип калса, кен байлыктарыбыз чукулуп ташылып кетсе, инвестор келейин десе эки күндүн биринде митинг өткөрүп аянттарды башыңарга кийип жатсаңар, өлкөдө туризмден башка эмне калат ошондо?

ТУРИЗМ, ГЕЙ ПАРАД, СОЙКУЛУК.

Көз боёп, каш чийдирип, көчүгүңө көчүк кошуп, төшүңдү кесип ыргытып жатсаң, албетте өлкө ТАЙЛАНД болот жакында!!! Эй!!! Жылан чакпай, жылкы тиштебей эмне болгон эркиндикти сурап чыктың бүгүн?!!! Аай, арсыз кыргыз, оомо кыргыз.. Обу жок кыргыз... Акча десе, намысын кошо саткан кыргыз...  

Бактыгүл Иманбек кызы