Печать
Категория: Коом
Просмотров: 77

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну чындыкка дал келбейт деп жарыялады. Соцтармактарга тараган кайрылуу "фейк" экенин мекеменин басма сөз кызматы белгиледи.

«Мындай билдирүүлөрдү чагымчыл, атайын кызматтын ишмердигин каралоону каалагандар таратып жатат. Акыркы убакта коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшү - пара алуу, опузалап акча алууга, бюджетти уурдоого, аткезчилик жана башка коррупциялык иштерге бут тосулганы - айрымдарга жаккан жок. Ошондуктан, УКМКны шайлоо жараянына кийлигишип жатат деген маалыматтар да атайын жасалган чагымчыл калп. Атайын кызмат тескерисинче шайлоодо саясий, административдик жана башка басым-кысымдарга жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатат», - дейт УКМКнын басма сөз кызматы. 

Эске салсак, соцтармакта  Садыр Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган.