Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча ички иштер органдарынын бөлүм башчылары менен онлайн-жыйынында белгилүү болду, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2273 тилкелик шайлоо комиссиясы түзүлдү. Аталган шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелерине 4 миң кызматкер бекитилет. Азыркы учурда ИИМ жана БШК кызматкерлери таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча координациялык иштерди жүргүзүшүүдө.

Булак: Кабар