“Президентти душмандар курчай баштады”
- Жаңы бийликтин алдыга койгон максаты чоң болгону менен аткарылган иштери азыраак болуп, анча жакшы тыянак чыгара албай, иштери өздөрү ойлогондой жылбай жатат. Президентти алдыда чоң-чоң жолугушуулар күтүп турат. Президент да элдин ишенимин актоого аракет кылып, чоң максаттарды ишке ашырууга киришти. Бирок, эмнегедир эл арасында “булар иштин көзүн таба албайт”- деп сындагандар да чекеден чыга баштады. Ошондой эле президентти душмандар курчай баштады. Бийлик башындагылар эч нерсеге азгырылбай, убакытты уттурбай, бардык нерсенин алдын алышы керек. Антпесе өтө чоң тоскоолдуктарга кабылып, эл толкуп, өздөрү күтпөгөн жагдайлар да орун алып кетиши ыктымал. Ал эми азык-түлүккө болгон баа бирде кымбаттап, бирде арзандай берип, баалар оңой менен турукташпайт.
“Инвесторлор келип, курулуш күч алып, завод, фабрикалар курулат”
- Буюрса, быйылкы жылы Кыргызстанда чоңчоң өзгөрүүлөр болот. Инвесторлор келет, курулуш тармагы күч алып, чакан завод, фабрикалар курулат. Ошондой эле саясатта дагы чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Азыр үчкө бөлүнүп, бири-бирин сынай караган саясатчылар биригишсе, мамлекетти оңдоп кетет. Эгер башы бирикпесе да өзгөрүү башка нукта болуп, Кыргызстан туңгуюкка кептелип калышы ыктымал деген аян келди. Ошон үчүн, бийлик калпыстыкка жол бербеши зарыл. Негизи мамлекетибизде тирешүүлөр күч алат. Бийлик башындагылар да ич ара тиреше баштайт. Партиялар арасында дагы тирешүүлөр күч алат. Үч атка минер суракка чакырылып, камалат деген да аян келип жатат.
“Үч айдан кийин Мариповдун ишинде чоң өзгөрүү болот”
- Мариповдун баштаган ишин аягына чейин чыгарат деген аян келип жатат. Кудай буюрса, 6 айдын аралыгында ишинин жыйынтыгы байкала баштайт. Үч айдан кийин Мариповдун ишинде чоң өзгөрүүлөр болот. Анын пландары ишке ашып кетсе, Кыргызстан үчүн пайдалуу болуп, ийгиликке жетишет. Бирок, аны кадам сайын сындаган сынчылары да жетиштүү болуп жатат.
“Камчыбек Ташиев өзүнө сак болушу керек”
- Камчыбек Ташиев эл үчүн иштейм деп эле аракет кылып жатат. Кыргызстанды жакшы жолго салсам деген чоң максаттары бар. Бирок, денсоолугу да санаага салып жатыптыр. Ден-соолугу кээде жакшы болуп, кээде алсызданып жатат. Эмнегедир бул кишиге да бут тоскондор көп болуп жатат. Ташиевдин аркасынан кара күчтөр да иштеп жатат. Кара күчтөр жетиштүү тоскоолдуктарды жаратып, баштаган ишин аягына чыгартпай коюшу мүмкүн деген аян келди. Камчыбек Ташиевге назар түшкөн, өзүнө сак болушу керек, аурасын тазалатышы керек деген белги берилип жатат.
“Жумалиевге соттун чечими чыкканча, чоң тоскоолдуктарга кабылат”
- Кубанычбек Жумалиев жүрөгү таза, табиятынан адамдарга атайылап жамандык кылбаган адам экен. Бирок, акыбалы күндөн күнгө оорлоп, ден-соолугу начарлап баратат. Соттун чечими чыгып, бир жаңсыл болгуча 3 айдан алты айга чейинки убакыт өтөт. “Ана чыгат, мына чыгат”- деп отуруп, чоң тоскоолдуктарга кабылат.
“Арзыбек Буркановдун негизи кишиге жамандыгы жок”
- Азыр аты кадр саясатында айтылып, “тигинин-мунун кызматка келишине салым кошуптур, мунун кызматка жетишине тиешеси бар экен”- деген Арзыбек Буркановдун негизи кишиге жамандыгы жок, аракетчил адам экен. Бирок, муну да көрө албагандар, бут тоскон душмандары көп экен. Анын тиешеси жок ишке деле душмандары кириптер кылып, жаман атты кылып, аксатып коюшу мүмкүн.
“Сооронбай Жээнбековдун жолу ачык...”
- Азыр айрым адамдар “Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алыш керек”- десе, кээ бири: “камаш керек”- деген маселе көтөрүп жатышат. Бирок, мен бул кишини темир тор аркасында көргөн жокмун. Ким эмне дебесин Сооронбай Жээнбековдун жолу ачык деген аян келип жатат. Бирок, эл арасында Сооронбай Жээнбековду каралаган иштер болушу мүмкүн.
“Асылбек Жээнбековду аксатчу далилдер чыгат”
- Асылбек Жээнбеков азыр өзүнө аябай ишенип турат. “Баары мен ойлогондой болот”- деген ойдо. Бирок, муну да аксатчу далилдер чыгат. Тагыраагы, бир жарым, эки ай аралыгында абалы өзгөрүп, татаалдашы мүмкүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити






