Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов бир күн да бизнес чөйрөсүндө же ишкерликте шугулданган эмес. Бирок, анын жомоктогудай байлыктары он жылдан ашык убакыттан бери эл арасында даңаза болуп айтылып келет. Мындан он жылдай мурда үйүнөн бир нече миллион долларды уурдатып жибергени менен ал тууралуу эч жерге кайрылбаганы да дүң болгон. Ага эч бир бийликтин күчү жеткен эмес.
Өткөн жылдын октябрында жаңы бийлик келгенден кийин гана кармалып, сурак берген соң көп жылдан бери Бажы органдарында уюштурган өтө чоң өлчөмдөгү коррупциялык иштерин мойнуна алып, тергөө органдары менен кызматташып, мамлекеттин пайдасына 2 миллиард сом төлөп берген. Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандарга караганда, ал акча анын жыйырма жылга жакын убакыттан бери өлкөгө келтирген зыяндарынын жүздөн, мүмкүн миңден бирине барабар эле сумма болуп саналат. Экономикалык кылмыштар боюнча чалгындоо тармагы аябагандай өнүккөн АКШ аны аялына кошуп бекеринен Магнитскийдин тизмесине киргизген жок. Ал тизмеге киргизилиши менен Райым Матраимов эл аралык деңгээлдеги коррупционер катары таанылды.
Эми мына ушундай, эн тамга басканга соо жери калбай, коррупциянын дүйнөлүк символдорунун бирине айланган адамды жердештеринин бир тобу Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын, жергиликтүү активдердин катышуусундагы митингде: “Матраимов кылымда бир жаралчу инсан, ал мечит салдырган, спорттук мелдештерди өткөргөн, кайрымдуулук иштерине катышкан” деп макташып, анын убактылуу кармоочу жайдан бошотулуусун талап кылып жатышкандыгы көпчүлүктүн кыжырын гана келтирүүдө. Эгерде мамлекетке жүздөгөн миллион долларлык зыяндарды келтирген “Райым-миллион” бошотулса, анда калган коррупция боюнча айыпталып, кармалып, узак мөөнөттөргө камалып жаткандарды бир күн да кармаганга бийликтин моралдык акысы калбай калат. Анткени, алардын бардыгынын мамлекетке келтирген зыяндары Р.Матраимов келтирген зыяндардын жарымына, мүмкүн ондон бирине да жетпеши толук мүмкүн.
Бизде пикет, митингдердин дээрлик бардыгы алдын ала акчасы төлөнүп, атайын буйрутмалардын негизинде уюштуруларына эбак көнгөнбүз. Бирок, өз кылмышын мойнуна алып, келтирген зыяндарынын бир бөлүгүн компенсациялоо үчүн 2 миллиард сомду ыктыяры менен төлөп берген адамды да күнөөсүз деп айтуу чектен чыккан бети жоктук болуп саналат. Эгерде Р.Матраимовдун күнөөсү болбосо, 2 миллиард сомду эмнеге төлөдү? Анын үстүнө өмүр бою мамлекетттик кызматта гана иштеп келаткан Р.Матраимов анча акчаны кайдан тапты? Анын өмүр бою алган айлыгынын баарын кошсо, 1 миллиард сомдун жарымына жетээр бекен? Эгерде бирөөлөр берген бир нече миң сом акча, ысык шорпо үчүн кылымдын коррупционери делинип жатканды деле жактап, коргоп, чуу сала берсек, эл катары кандай насил наркыбыз калат? Башка элдер бизди эмне дешет?
Азыр элдин көбү эптеп өп-чап күнүмдүк тиричиликтерин өткөрүшүүдө. Баарыбыз Кыргызстандын экономикасы өнүгүп, айлыктардын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көбөйүүсүн каалайбыз. Эгерде коррупционерлер бюджетке түшө турган акчаларды келемиштердей жеп турушса, айлыктар, пенсиялар жана жөлөк пулдар кайдан көбөйөт? Же Р.Матраимов менен К.Жумалиев уурдагандарынан силерге же бизге ай сайын берип турушабы?
Алар өз жандарына күч келгенде гана уурдагандарынан, тоногондорунан пикеттер, митингдер үчүн чачышпаса, башка убактарда сиз менен биз жөнүндө эстеп деле коюшпайт.
Ошто митингге чыгып, эми Бишкекте да өткөрөбүз деп жаткандар буга эмне деп жооп беришер болду экен?
Райымбек Матраимовду актап, жактап, коргоп митинг өткөрүү - мыйзамдуулукту гана эмес, мамлекеттегибизди да мазактап, ак эмгектери менен акыбалдары жетишинче тиричиликтерин өткөрүп жаткан калдайган калың элибиздин бетине түкүрүү болуп саналат.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: «Майдан. kg» гезити